“21 млн 770 миң сомдук зыян”: Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү жер тилкелерди мыйзамсыз ижарага берген

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү жер тилкелерди мыйзамсыз түрдө ижарага берген. Мамлекетке келтирилген зыян 21,7 млн сом. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2020-2023-жылдары кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, муниципалдык менчикте турган жерлерди Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу менен ижара акыларын олуттуу өлчөмдө төмөндөтүшүп, коммерциялык пайдаланууга ижарага беришкендиги аныкталган.

«Ижара жөнүндө келишимсиз жана мыйзамсыз курулган бир катар коммерциялык объекттер боюнча мыйзамда каралган иш аракеттерди жүргүзүшкөн эмес. Натыйжада, мамлекетке жалпы 21 млн. 770 миң сомдук зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.