Төкмө акын Азамат Болгонбаев директорлук кызматтан кетти

Жумакадыр Курмангалиев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Төкмө акын Азамат Болгонбаев директорлук кызматтан кетти

Маалыматка ылайык, Курмангалиевди эмгек жамаатка министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалаган.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүй облустук драма театрынын директору болуп төкмө акын Азамат Болгонбаев иштеп жаткан.