Ак-Ордодогу келиндин үйүн соттун чечими менен буздургандар эки айга камалды

Президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз көзөмөлүнүн негизинде Ак-Ордо конушундагы жер чыры акырындык менен мыйзамга ылайык жолго салынып, тартип орногону калды. 

Буга Маралдын үйүн соттун чечими менен буздурган Толкун деген аял эки айга камалганы чоң мисал боло алат. Анткени, жер чырына байланыштуу жасалма документ боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар иликтеп жаткан. Натыйжада, дагы көптөр камала турганы анык болуп калды.

Эми мындан ары жасалма документ менен жер сатып шылуундук кылышып, карапайым калкты сыздаткандар болбош үчүн мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлүшү керек. Президент Садыр Жапаровдун бул кадамын колдоо зарыл. Антпесе тартип болбойт.