Документтерди жасалмалоо менен “Этникалык кыргыз” катары Кыргызстандын жарандыгын алган шектүү кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кытай Эл Республикасынын жараны документтерди жасалмалоо менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгы боюнча ыкчам маалымат алган.
Андан сырткары, ыкчам маалымат боюнча жогорудагы жаран Кытайда издөөгө алынганы маалым болгон. Жаран 1967-жылы туулган Я.Чж. Кытай Эл Республикасынынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Алтай округунун укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнү уюштургандыгы үчүн издөөгө алынган.
Бул фактыны текшерүү учурунда жаран 1967-жылы туулган Я.Чж. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн кезинде документтерди жасалмалоо жолу менен өткөн жылы “Этникалык кыргыз” катары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Бул жаран Кытай Эл Республикасында берилген өздүгүн тактоочу документиндеги улуту жазылган графага атайылап жалган маалыматты киргизген. Мындан соң, жарандыкты алгандан кийин Я.Чж. өзү жөнүндө толук маалыматты өзгөрткөн. Шектүүнүн мурдагы аты-жөнү М. Чж. болгон.
2023-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери шектүү Я.Чж. “Ак-Жол” өткөрүү пунктунан Кыргызстандын аймагынан кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармашкан”
, – деп айтылат маалыматта.
Кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди аныктоо, табуу жана алуу максатында Чүй облусунун Аламүдүн районунда-кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Шектүүгө тиешелүү ар кандай документтер табылып алынган.
Ошол эле күнү жаран Я.Чж. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында кармалган жаранга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.
Учурда аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.