Жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны үч эсеге азайды

Жол коопсуздугуна байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө киргенден кийин айдоочулар тартипти сактап калганы байкалды. Бул тууралуу Милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-марттан тарта жаңы эрежелер кирди. Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузган айдоочулар кайра сынак тапшырат.

— Унаанын номерин атайын жаап алса, же бирөөсү жок башкарса;

— Инспектордун токтотуу боюнча талабын аткарбай качып кетсе;

— Каршы кыймыл тилкесине чыгып, озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу сыяктуу, адамдын ден соолугуна зыян, өмүрүнө коркунуч жараткан жол эрежесин бузган учурда.

Алкоголдук ичимдик ичип унаа башкарып кармалгандар, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, спирт ичимдигин ичип унаа башкарган учурлар майрам күндөрү көп катталат.

2023-жылдын 8-март күнү Бишкек шаарында алкоголь ичип унаа башкарып кармалгандар өткөн жылдарга салыштырмалуу үч эсе азайган.

Бишкек шаары боюнча:

  • 2021-жылы — 18 эреже бузуу;
  • 2022-жылы — 20 эреже бузуу;
  • 2023-жылы — 7 эреже бузуу.