Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды

Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерлик менен күрөшүү боюнча масштабдуу рейддик иш-чара өтүүдө.

Аталган рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулоого шектелип, Григорьевка айылынын 21 жаштагы М.У. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандан 19 даана мыйзамсыз кармалган балык жана моторлуу кайык далил зат катары алынды.

Бул факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди.

Алардын корунтундусунун негизинде юридикалык баа берилмекчи.

Izobrazhenie WhatsApp 2023 03 10 v 12.34.49 Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды
8 1 Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды
Izobrazhenie WhatsApp 2023 03 10 v 12.34.48 Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды