Бишкектен Кытайга автобустар каттай баштады

Бишкектен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Кашкар шаарына автобустар каттай баштады. Бл тууралуу «Кыргыз автобекети» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, каттам 8-марттан тарта ишке кирген. Автобустар шаршемби жана жекшемби күндөрү саат 16:00до Батыш автобекетинен жолго чыгат.

Билеттин баасы 7 миң 431 сомду (85$) түзөт.