Бишкектеги соода борбордо химиялык каражатты ичип алган баланын абалы оор

10-мартка караган түнү Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынан «ооз көңдөйүнүн жана кызыл өңгөчтүн химиялык күйүк» диагнозу менен 2021-жылы туулган бейтап У.А. жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ооруканага ыкчам-тергөө тобу келген.

Баланын энеси милицияга 4-март күнү түштөн кийин баласы менен борбор калаадагы соода борборлорунун биринде жайгашкан кафеде болгонун билдирген. Мекеме үчүнчү кабатта жайгашкан. Столдун үстүндө турган пол жуугуч суюктукту наристе чуркап келип, ичип алган. Аял баланы кустурууга аракет кылган, бирок анын абалы начарлап кеткен. Ошол күндөн бери алар ооруканада жатат.

Аталган факты каттоого алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2023 03 10 at 10.15.15 Бишкектеги соода борбордо химиялык каражатты ичип алган баланын абалы оор