УКМК: Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Бул туурасында УКМК билдирди.
Маалыматта, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери  тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалганы айтылат.
"Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстан Республикасынан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
WhatsApp Image 2023 03 09 at 09.42.13 УКМК: Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды
WhatsApp Image 2023 03 09 at 09.42.13 2 УКМК: Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды
WhatsApp Image 2023 03 09 at 09.42.13 1 УКМК: Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды
WhatsApp Image 2023 03 09 at 09.42.15 УКМК: Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды
WhatsApp Image 2023 03 09 at 09.42.14 1 УКМК: Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

WhatsApp Image 2023 03 09 at 09.42.14 УКМК: Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды