
Бүгүн, 9-мартта саат 10:00дөр чамасында Ч.Айтматов жана М.Гшлиессера көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады.
Маалыматка ылайык, «Мазда 6» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүк тарапты көздөй бара жатып, М.Гшлиессер көчөсүнүн кесилишинен «Тойота Королла» менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам — эки унаанын айдоочулары, «Мазда 6» унаасынын жүргүнчүсү жабыркаган.
Учурда унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды.