
Кыргызстанда 27-февралдан 5-мартка чейинки аралыкта коронавирустун 35 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ооруган жарандардын 14ү ооруканага жаткырылган.
Эскерте кетсек, 2022-жыл жана 2023-жылдын 64 күнүндө өлкө боюнча 21 миң 960 адамда коронавирус аныкталган.