Жалал-Абадда бир жумада 29 мас айдоочу аныкталды


Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында аптанын дем алыш күндөрү өткөрүлүп жаткан “Бахус” рейдтик иш-чарасынын алкагында, 29-октябрынан 31-октябрына чейинки үч күн аралыгында жалпы 516 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Анын ичинен 29 айдоочу автоунааларын мас абалында, 155 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 14 айдоочу жанында тиешелүү документтери жок үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 318 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 43 автоунаа атайын айып короого коюлду.

WhatsApp Image 2021 11 01 at 13.30.36 Жалал-Абадда бир жумада 29 мас айдоочу аныкталды


Жалал-Абад областтык ЖККК бөлүмү жалпы жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүүдө, жол эрежелерин так сактап жүрүүнү эскертишет.

WhatsApp Image 2021 11 01 at 13.30.37 Жалал-Абадда бир жумада 29 мас айдоочу аныкталды


Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмүнүн Басма сөз кызматы.