Жалпы 28 унаа коюлган: Бишкектеги эски троллейбустар аукциондо сатылат

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” балансында турган унааларды сатууга аукцион жарыялады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, сатууга 28 унаа коюлган. Алардын 27си иштебей турган ЗИУ 682 жана АКСМ 321 маркасындагы троллейбустар. Ошондой эле, иштебей турган ГАЗ 2417 үлгүсүндөгү бир автомашина сатылат. Сатууга коюлган жалпы автопарктын сметалык баасы 1 миллион 771 миң сомду түзөт.

Аукцион 31-мартта саат 14:00дө Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дарегинде өткөрүлөт. Катышуучуларды каттоо 29-мартта саат 17:00дө аяктайт.

bishkek 03 2016 img34 trolley near south gate 1200x630 1 Жалпы 28 унаа коюлган: Бишкектеги эски троллейбустар аукциондо сатылат