Жакында эле Күндүн бети Жер бетине чагылышкандагы жаркыраган жана заряддалган бөлүкчөлөр жекшемби күнү кечинде атмосферабызга жетти. Натыйжада планетабыздын ар кайсы жерлеринде тургундар түндүк жарыктарды байкай алышты.
ВВСнин маалыматы боюнча, жекшемби күнү кечинде Түндүк жарыктарды бүт Улуу Британия боюнча байкоого мүмкүнчүлүк жаралды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Кент жана Корнуолл шаарларына чейин тараган жарыктык өтө сейрек кездешет.
Ошондой эле, 27-февралда Россиянын Ленинград жана Калининград аймактарынын ар кайсы жерлеринде укмуштуудай табигый кубулуш байкалган. Бул кубулуш “Түндүк жаркыроосу” деп аталат. Адатта, бул көрүнүш суук аймактарда орун алган.