Малатья: Жер титирөөдөн 100дөн ашуун жаран жаракат алды

Түркиянын Малатья провинциясында болгон акыркы жер титирөөдөн бир адам каза болуп, 110 жаран жаракат алды. Түркия өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 29 имарат урап, 32 адам урандылардын астынан куткарылды.

Эскерте кетсек, 27-февралда Түркиянын Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталган.

20-февралда Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында эки ирет жер титиреген.

6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган.