“Күйүүчү майдын 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн”: Лейлейтин башкы салык инспектору кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карыздарды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, документтештирилди. Ал пландуу көчмө салыктык текшерүү учурунда кызматтын кызыкчылыктарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карама-каршы келген, “Э.О.” ЖЧКнын  өзгөчө ири масштабда өлкөнүн бюджетине түшүүчү салыктарынын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөнү айтылат.

Башкы салык инспектор Т.Б. “Э.О.” ЖЧКсын текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген кышкы дизелдик күйүүчү майга (ТНВЭД коду 2710192900) акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген“, – деп айтылат маалыматта.
Учурда Т.Б.нын аракетинен келтирилген материалдык зыян толугу менен калыбына келтирилип, бул кылмышка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экендиги такталууда, жана “Э.О.” ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет.
Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.