УКМК: Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалган.
Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.
Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.