Сурабалдиева: “Шакиев мага «УКМКнын жетекчисинен трибунада кечирим сураңыз» деген”

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутат Элвира Сурабалдиевадан УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевден трибунада кечирим суроо керектигин айткан. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева журналист Майраш Базлакунованын жеке каналына берген маегинде билдирген.

Айтымында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин сунушуна депутат Сурабалдиева макул болгон эмес.

«Парламенттин төрагасы мени чакыртып, «УКМКнын жетекчисинен трибунада кечирим сураңыз», — деди. Анан мен ойлодум, үйгө келдим, апам менен, туугандарым менен жолуктум. Мен парламентке аткаруу бийлигинде иштегендерден кечирим суроо үчүн барган эмесмин да. Эл мени «Канчалык намыстуу, кайраттуусуң, акыйкат үчүн туруп бересиңби?» — деп шайлаган. Шайлоо учурунда элге акча берген болсом, парламентке келип, бизнесим үчүн коркуп, унчукпай отурмакмын да. Бирок менин бизнесим бар экенин элдин баары билет. Мен эмнеге кечирим сурашым керек? Трибунага чыгып алып кечирим сурасам, эл муну мажбурланган аракет деп ойлоп калмак», — деди Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айткан. Ал спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, депутаттарды коргой албай жатканын сындаган.