Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы алмашты

Мирлан Бакиров берген арызынын негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ордуна Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.