Бишкекте бир жумада 157 мас айдоочу аныкталды

2023-жылы 17-февралдан 23-февралга чейинки аралыкта 157 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы бир жумада 4 миң 821 мыйзам бузуу аныкталды. Анын ичинде:

  • транспорт каражатын каттоонун эрежесин бузуу – 201;
  • тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 104;
  • жөө өтмөктө жол кыймылынын эрежесин бузуу – 96;
  • автоунаанын терезесин караңгылатуу – 31;
  • коопсуздук эрежелерин бузуу – 622;
  • башка эреже бузуулар – 2 миң 846;
  • айып короосуна токтотулган унаалар – 764.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежесин сактоого чакырат.