ИИМ: Коллегиянын чечимдерин турмушка ашырып, ротациялоо иши улантылат

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылды жыйынтыктаган коллегияда милициянын райондук-шаардык кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону мындан ары дагы ишке ашыруу керектигин Улан Ниязбеков коллегияда белгиледи.
ИИМдин буйруктарына ылайык өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Болот Арзыгулов Нарын облусунун Ат-Башы РИИБнын начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ШИИБдин начальниги кызматына дайындалды.
Ошондой эле, милициянын полковниги Мартбек Зикиров Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Ат-Башы РИИБнын начальниги кызматына,
милициянын полковниги Жаныбек Канзаманов Баткен облусунун Баткен ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Бакай- Ата РИИБдин начальниги кызматына,
милициянын полковниги Алмазбек Кубатбеков Жалал- Абад облусунун Жалал -Абад ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Баткен ШИИБдин начальниги кызматына,
милициянын полковниги Маратбек Шайбеков Талас облусунун Бакай- Ата РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБдин начальниги кызматына,
милициянын подполковниги Болотбек Кундузов Баткен облусунун Лейлек РИИБдин начальниги кызматынын бошотулуп, ушул эле облустун Кадамжай РИИБдин начальниги кызматына жана милициянын майору Кожобек Козубаев Баткен облусунун Кадамжай РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, ушул эле облустун Лейлек РИИБдин начальниги болуп дайындалышты.
Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди”, –
деп айтылат маалыматта.