Түркияга жардам үчүн ачылган атайын эсепке 66,7 млн сом чогулду

Бүгүн, 25-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 66 млн 750 миң 204 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.
Төлөм коду: 14411100 — “Учурдагы жардам”.