Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрөт

Бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Алсак, аталган мыйзам долбоору аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы жана Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда.

Андан тышкары, жыйында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда талкууланды.

Эскерте кетсек, сунушталган долбоор “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.