ВИДЕО. 4 миң доллар опузалоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, февраль айында милицияга 39 жаштагы жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, Бишкек шаарынын Тунгуч кичирайонунда белгисиз жарандар өздөрүн кылмыштуу дүйнөнүн өкүлүбүз деп, коркутуп 4 миң доллар талап кылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

16-февралда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен эки жаран кармалган. Алардан белги коюлган 25 миң сом акча каражаты табылып алынган.

Кармалгандар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунун 31 жаштагы А.А.уулу жана Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы М.Т. аттуу тургундары болушат.

Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

xmycollages 19 2 ВИДЕО. 4 миң доллар опузалоого шектүүлөр кармалды