Түркиядагы акыркы зилзаладан жабыркагандар 562ге жетти

 Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазды.

Алты адам каза болду. Жабыркагандардын 18инин абалы өтө оор.

Эскерте кетсек, 20-февралда Хатай провинциясында жер силкинүү болгон. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.