Жалын Жээналиев жаңы кызматка дайындалды

Жээналиев Жалын Муратбекович Президентке  караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Жээналиев 1991-жылы 9-сентябрда туулган. Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча аяктаган.