Балатыны өрттөгөн аял психиатриялык ооруканадан чыкты 

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Майлуу-Суу шаарынын тургунунун мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратылышы боюнча маалыматты атайын журналга каттады.

Майлуу-Суу РИИБдин тергөөчүсү тарабынан аялды мыйзамсыз түрдө психиатриялык ооруканага жаткыргандыгы тууралуу маалымат прокуратура облустук “Адилеттүүлүк” укук коргоо уюмунан келип түшкөн.

Эске салсак, «Акыйкат» укук коргоо уюмунун юристтери Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага 34 жаштагы М.С. аттуу аялдын мыйзамсыз жаткырылган фактысын аныкташкан.

Юристтер белгилегендей, тергөөчү өзүм билемдик менен соттун чечими жок эле аялды ооруканага жаткырып, анын психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүүгө мажбурлаган. Муну менен ал өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чапкан.

Укук коргоочулар психологиялык-психиатриялык экспертизадан мажбурлап өткөрүү үчүн ооруканага жаткыруу Кылмыш-жаза кодексинин 186-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка барабар болорун белгилешет. Ал эми Кылмыш-процессуалдык кодексинин 178-беренесинде так жазылгандай, “медициналык же психиатриялык экспертизага мажбурлап тартуу тергөө судьясынын чечими менен гана жүргүзүлөт”.

«М.С. аттуу аялдын ишинде Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан принциалдуу позиция көрсөтүлүп, аял дароо бошотулду», — деди юрист Равшан Абдуллаев.

Укук коргоочулар буга чейин Майлуу-Суу шаардык соту 2023-жылдын 15-февралындагы чечими менен адвокат Р.Абдуллаевдин тергөөчүнүн иш-аракеттерине боюнча арызын кабыл алуудан баш тарткан.

«Негизи сот өз чечими менен мыйзамсыз эркинен ажыратуу фактысын мыйзамдаштырды», — деп эсептейт У.Жаббаров.

Эске салсак, М.С. аттуу аял Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводуна караштуу балатыны өрттөөгө аракет кылган учурда кармалган. Аял шаардын борборундагы балатыны дагы өрттөгөнүн мойнуна алган.

«Менин диним калп айтууга жол берет, ошондуктан мен кылганымды дароо мойнума алам», — деп билдирген аял.

Ал ошондой эле жасаган аракетине өкүнүп жатканын моюндаган. Анын айтымында, кошуналар анын балдарына белектерди алып келишкен. М.С. төрт баланын жалгыз бой энеси. Балдары апасынан жаңы-жылдык белектерди сурашкан. Аял балдарына бул мусулмандардын майрамы эмес экенин, ислам дининде бул күндө белек берилбей турганын түшүндүргөн. Ошондой эле, ал эмоцияга алдырып, мындай кадамга барганын билдирген. Айтымында, анын коомдук абалы диний сезимдер менен аралашып кеткен.

Төрт бала тең Жалал-Абад шаарындагы «Ак-Жол» балдардын реабилитациялык борборуна жайгаштырылган. Аял бошотулган соң, балдарын борбордон алып кеткен.