
Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Алишер Тоотаев аталган кызматка 20-февралда дайындалды.
Аны эмгек жамаатка министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырган. Ал жаңы дайындалган жетекчинин ишине ийгилик каалап, алдыда жасала турган иштер арбын экенин белгилеген.