Кыргызстандык бийчилер Италияда өткөн турнирде 1-орунду ээлешти

Кыргызстандын спортчулары Италияда өткөн эл аралык бий турниринде алтын утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорт федерациясынын президенти Cергей Титунин билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2023-жылдын 18-февралында Италиянын Пестум шаарында спорт, бал бийи боюнча «WDSF Open taken place in Paestum — Italy-2023» жыл сайын өтүүчү эл аралык турнир болуп өттү.

Турнирге Италия, Германия, Молдова, Украина, Румыния, Франция жана башка көптөгөн Европа мамлекеттеринин спортчулары катышты. Турнир Бүткүл дүйнөлүк спорт бий федерациясынын -WDSF колдоосу астында өттү.

Бул турнирде Кыргызстандын бий спорт федерациясынын бийчилери мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.

“» WDSF Open taken place in Paestum — Italy-2023″  турниринин жаштар, латина категориясында биздин жаш бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 19 жуптун ичинен алтын медалга ээ болуп, биринчи орунду ээлешти. Биз аларга ыраазычылык билдиребиз”, — деп айтылат Cергей Титуниндин билдирүүсүндө.