Күзөт кызматынын эң мыкты иштеген бөлүмү аныкталды

ИИМдин Күзөт кызматынын 57 жылдыгына карата Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарында көп жыл эмгектенген, ардактуу эс алууда жүрсө да өз салымын кошкон кызматкерлерге медаль, ардак грамота, кол сааттар тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмү түзүм бөлүмдөр арасында жарандардын мүлкүн, жеке ишканаларын жана батирлерин сактоодо мыкты иш алып баргандыгы, жетекчилик курамы иш-кагаздар менен өз убагында так аткаргандыгы, объектилерди кайтарууда өздүк курам жоопкерчиликтүү мамиледе милдетин аткаргандыгы үчүн 1 орунду ээледи.

WhatsApp Image 2023 02 20 at 07.04.16 1 Күзөт кызматынын эң мыкты иштеген бөлүмү аныкталды
WhatsApp Image 2023 02 20 at 07.04.17 Күзөт кызматынын эң мыкты иштеген бөлүмү аныкталды

Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков өздүк курамды, ардагерлерди медаль, ардак грамота жана белектер менен сыйлады.

Ошондой эле, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов катышып, парламенттин атынан ар кандай сыйлыктарды тапшырды.

Аны менен бирге Улуттук банктын Коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Абдуазим Ажыгулов Улуттук банкы тарабынан дагы мыкты кызматкерлер сыйланды.

Мындан тышкары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмү Бишкек шаарынын Ленин РИИБи менен тыгыз байланышта иш алып баргандыгы үчүн Ленин РИИБдин жетекчилигинин сыйлыктары мыкты кызматкерлерге тапшырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн ѳздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген милициянын подполковниги Султан Дюшалиевди салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышып, өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, калпак кийгизишип, баалуу белектерин тапшырышты.

700x525x30b0e3e2 9b1e 4d1e 9973 dccd8b4e088a.jpg.pagespeed.ic .a68szQa3GF Күзөт кызматынын эң мыкты иштеген бөлүмү аныкталды