Кара- Үңкүр капчыгайында кар көчкү атып түшүрүлдү

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февраль саат 16:00гө карата аталган участкада жол жабык.

Министрлик айдоочуларга жолго чыкпай турууну эскертти.