Ички иштер органдырынын жетекчилик курамдарында ротациялоо уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн жумада бир нече райондук жана шаардык милициянын жетекчилери алмашкан:
- Талантбек Кадыров Нарын ШИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин начальниги,
- Талгар Мамбетказиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБнин жетекчи кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов РИИБнин начальниги,
- Тынчтык Аалиев Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин жетекчиси кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Нарын ШИИБнин жетекчиси,
- Чүй облусунун Панфилов РИИБнин начальниги Денис Аманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.
«Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди», — деп билдиришти министрликтен.