Айрым райондук милициянын жетекчилери ротация болду

Ички иштер органдырынын жетекчилик курамдарында ротациялоо уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жумада бир нече райондук жана шаардык милициянын жетекчилери алмашкан:

  • Талантбек Кадыров Нарын ШИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин начальниги,
  • Талгар Мамбетказиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБнин жетекчи кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов РИИБнин начальниги,
  • Тынчтык Аалиев  Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин жетекчиси кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Нарын ШИИБнин жетекчиси,
  • Чүй облусунун Панфилов РИИБнин начальниги Денис Аманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

«Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу,  алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди», — деп билдиришти министрликтен.