Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош авто унаа жолунун 255-чакырымында саат 19:45те кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Учурда жол эки тараптуу жабык.
Жабыркагандар жок. №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 авто жүктөгүч тартылып, саат 20:10дон баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) авто унаалардын бардык түрүнөн чектөө киргизилди.
![xphoto 5440752901879350670 y Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/02/xphoto_5440752901879350670_y-1200x630.jpg.pagespeed.ic_.JZeMOVX9Yc.webp)