
Учурда Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн жерде эки жаранды издөө иштери жүрүп жатат.
Белгилүү болгондой, 16-февраль күнү болжол менен саат 01:30да»Mercedes-Benz» спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалган.
Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук ӨКБнүн 3 куткаруучу жана жол тейлөө иш канасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган.
16-февраль күнү саат 17:30 баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу 17-февраль күнү Чаткал райондук ӨКБнүн 5 кызматкерлери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15де жолго чыгып, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти.
