Акыйкатчы боордош Түркия элине көңүл айтты

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова катуу жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана курман болгондорго байланыштуу боордош Түркия элине көңүл айтты. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигине барып, Түркиянын түштүк-чыгыш провинцияларында 6-февралда болгон жер титирөөнүн кесепетинен улам, көп сандаган адам өмүрлөрүн алып кеткен кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Акыйкатчы көңүл айтуу китебине өзүнүн көңүл айтуусун калтырды.

“Бүткүл Кыргызстандын энелери терең кайгырат жана курман болгондор менен жабыркагандардын орду толгус жоготуусун чын дилдеринен бөлүшөт. Бул кыйын күндөрдө биздин ойлорубуз, кылган дубаларыбыз биздин боордош элибиз менен биргеликте. Биз Жараткандан каза тапкандарды өз мээрине алсын жана жакындарына сабыр берсин деп тилейбиз. Баардык жаракат алгандар жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”, деп айтылат көңүл айтууда.

Белгилей кетсек, буга чейин КРнын Акыйкатчы институтунун жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Түркия Республикасынын аймагында болгон катуу жер титирѳѳдѳн жабыркагандарга которушкан.

Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова өзүнүн кесиптеши – Түркиянын Башкы Омбудсмени Шереф Малкочко да өзүнүн көңүл айтуу катын жөнөткөн.

WhatsApp Image 2023 02 17 at 17.09.49 Акыйкатчы боордош Түркия элине көңүл айтты
WhatsApp Image 2023 02 17 at 17.09.51 Акыйкатчы боордош Түркия элине көңүл айтты
WhatsApp Image 2023 02 17 at 17.09.50 Акыйкатчы боордош Түркия элине көңүл айтты