Парламентте Мадумаров менен Жапаров айтыша кетти

Парламенттин 16-февралдагы жыйында жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү жөнүндө министрлер кабинетинин маалыматын угууда. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган мүчөлөрү толук курамда катышууда.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл бардык аймактарда жазгы-талаа иштерине даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканын билдирди. Анын ырасташынча үрөн, минералдык жер семирткич, күйүүчү май жана айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда быйыл эч кандай көйгөй жаралбайт.

Учурда депутаттар жазгы-талаа иштери боюнча министрлер кабинетинин тийиштүү өкүлдөрүнө суроолорун берүүдө.

Депутат Адахан Мадумаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, суроо узатты. Ал Жапаровго Министрлер кабинети пенсия, жөлөк пулдар боюнча мыйзам тууралуу Конституциялык сотко эмне үчүн кайрылганын айтып, түшүндүрмө сурады. Жапаровдун жообуна ынанбаган Мадумаров андан суроого так жооп берүүсүн өтүндү.

Министрлер кабинетинин төрагасы депутатка кайрылып, андан жашы да, макамы да жогору экенин айтуу менен суроосуна кайрадан жооп узатты.