Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Коллегиянын чечимдерине ылайык кызматтарды чыңдоо максатында мындан ары да ички иштер органдарынын жетекчи курамдарын ротациялоо иштери улантылмакчы.
Ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Улан Бердибаев ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалды.
“Ошондой эле милициянын полковниги Азизбек Ташболотов Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына, милициянын майору Чынгыз Айтимбетов Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Жаңы дайындалган жетекчилерге чоң ишеним артылат, анткени жооптуу кызматты аркалоого жана элге ак ниет кызмат өтөөдө жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө тапшырмалар берилди.