
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 14-февралдан 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 2- чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.