“Глобуста” товарды жогорулатылган баада кассадан өткөрүп турушканы аныкталды

Бул тууралуу соцтармактарда маалымат тарады.

Монополияга каршы кызматты Жибек Жолу көчөсү, 120/1 дарегинде жайгашкан филиалда кардарлардын даттануулары жазылган видеону социалдык тармактарга жайгаштыргандан кийин текшерүү жүргүзүштү. Анда текчелерде көрсөтүлгөн товарлардын баасы кассада коюлган баага туура келбей чектерде кымбатыраак болуп чыкты. Текшерүүдөн кийин бардык мыйзам бузуулар жоюлганы белгиленет.