Кадырбек Букуев жаңы кызматка дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Букуев Кадырбек Джумабекович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору болуп дайындалды. Бкл тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Мурзабеков Эркебай Рустамович ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.