Маршрутка менен катуу ылдамдыкта бараткан унаа бетме-бет сүзүштү

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасында №355 маршрутка менен «Мерседес» үлгүсүндө автоунаа бетме-бет сүзүштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Люксембург айылында 1991-жылы туулган жеңил автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, «Mercedes-Benz Sprinter» менен кагышкан.

«Жол кырсыктын кесепетинен эки айдоочу, жана эки жүргүнчү Кант шаарынын аймактык ооруканасына кайрылды»,-деп айтылат маалыматта.