Чүй районунда “Притон” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү

Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 8-10-февралында Чүй РИИБдин кызматкерлери, Чүй районунун билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү менен биргеликте райондун аймагында жашы жете элек кыздарды сойкулукка тартууга бөгөт коюу жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча “Притон” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү.
“Бул иш-чаранын максаты жашы жете элек кыздарды сойкулук кылууга тартуу фактыларын болтурбоо, турмуштук оор абалда турган жашы жете электерди жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо”, – деп айтылат билдирүүдө.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы Жаңы-Жол интернатынын тарбиялануучуларына жана мектептердин окуучуларына түшүндүрүү иш-чаралары жана лекциялар өткөрүлдү. Ошондой эле, турак жайсыз, кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында коомдук жайлар, кафе-ресторандар, түнкү барлар, мейманканалар текшерүүгө алынды.

WhatsApp Image 2023 02 10 at 10.22.02 1 Чүй районунда “Притон” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү
WhatsApp Image 2023 02 10 at 10.22.03 Чүй районунда “Притон” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү