Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстандын түштүгүндө саат 11:24тө 4,2 баллдык силкинүү болду. Бул тууралуу Европа – жер ортолук деңизинин сейсмологиялык борборунун (EMSC) сайтында маалымдалат.

Жайгаштырылган маалыматка ылайык, силкинүүнүн эпицентри 1 км тереңдикте, Оштон түндүк-чыгышты көздөй 120 чакырым алыстыкта же Өзгөндөн 70 чакырым жерде болгону айтылат.