Алмазбек Исманкулов жана Талант Рыскулбек уулу камакка алынды

Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу камакка алынды.

Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине коррупцияга шектелип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Башкы прокуратура тарабынан «Көз микрохирургиясы» ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бир нече жооптуу кызматкерлери материалдык кызыкчылык жана башка жеңилдиктерди мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барганын аныктады.

Аталган адамдар Бишкек шаарындагы №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилбей турганына жана оорукана койкаларынын кескин жетишсиздигине карабастан, атайылап баасын төмөндөтүү менен мыйзамсыз түрдө ижарага беришкени аныкталган. Натыйжада, ижара акысынан мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Алар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.