Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
“3-февраль күнү болуп өткөн ИИМдин коллегиясында жыл мыктылары аныкталган. Анда Кыргыз Республикасынын ИИОнун облустары боюнча «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү болуп Талас облустук ИИБдин ардагерлер кеңеши таанылган”, – деп айтылат маалыматта.
Ал эми бүгүн 9-февраль күнү башкармалыктын жыйындар залында жетекчиликтин, шаар райондордун жетектөөчү курамынын жана ардагерлердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын ИИОнун 2022-жылы аткарган ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери боюнча атайын даярдалган видео тасмалар коюлду.Андагы маанилүү буйруктар жеткирилип, жеңүүчүлөргө вымпел, диплом жана акчалай сыйлыктар Талас облустук ИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Күлчоро Жамангараевге тапшырылды.Талас ОИИБдин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу милициянын полковниги Азамат Токтоналиев сөз сүйлөп, ички иштер органдарында Ардагерлер уюмдарынын өзгөчө ролун белгиледи. Милиция кызматкерлеринин жаңы муунун тарбиялоодо, аларды Мекенди сүйүүгө, коюлган милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарууга үндөөдө салымдарын кошуп жатканын айтты. Кезеги менен ардагерлер дагы өздөрүнүн ойлорун айтып, коопсуздук үчүн жана милициянын өсүп өнүгүүсүнө болгон күчтөрүн аябастыгын билдиришти.