Министрлик жер басып алгандарды 12 жылга кесүүнү сунуштады

Юстиция министрлиги жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жетекчилик кылган жана үй куруу менен алектенген жарандарды 12 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Депутаттар Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карашты. Демилгечилер жер басып алгандарга жана ага жол бергендерге жазаны катаалдаштырууну сунуштап жатышат.

«Жер – мамлекеттин негизги байлыгы, ал өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизет. Буга чейин бийлик, жергиликтүү бийлик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн камтыган мафия болгон. Топтолгондор өз максатына жетүү үчүн жер категорияларын атайылап бузуп, ал жерге үй салууга уруксат беришкен. Бул өз кезегинде мамлекетти жер амнистиясын жүргүзүүгө аргасыз кылды», — деди Орозбек Сыдыков.