Алимент төлөбөгөн 400гө жакын кишиге издөө жарыяланды

Тажикстанда өз учурунда алимент төлөбөй, жашаган дарегин жашырган 398 кишиге издөө жарыяланды. Бул тууралуу тажик өкмөтүнө караштуу Аткаруу кызматынын башчысы Барно Саидвализода билдирди.

Анын айтымында, алимент төлөөдөн качкан дагы 538 кишиге Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренеси менен кылмыш иши козголду.

«2022-жылы ажырашкан аталардан эне-баланын пайдасына 40 миллион сомониге жакын (4 миң АКШ доллары) алимент өндүрүлгөн. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 46% көп», – деди Саидвализода.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда күн сайын 30дан ашык үй-бүлө бузулат. Ажырашууга көбүнчө үй-бүлөгө туугандардын кийлигишүүсү, зомбулук, оор экономикалык абал жана миграция таасир этет.