Унаа жолдон чыгып кетип, андагы жаран сууга агып кеткен

27-апрелде «Мырза-Аке – Кара-Кулжа — Алайкуу» жолунда бараткан УАЗ үлгүсүндөгү унаа Күйүктүн белине жеткенде жолдон чыгып кетип, Тар суусуна кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда унаада эки адам болгон. Жанындагы адам унаанын ичинде калып, айдоочу терезеден чыгып, сууга агып кеткен. Агып кеткен адамды табуу үчүн кечээ 79 адам чыгып, кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө токтотулган.

Издөө бүгүн да уланып, ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМдин райондук бөлүмүнөн 10 кызматкер жөнөтүлгөн. Андан тышкары жергиликтүү тургундардан 30 адам да издөө иштерине кошулду.