ӨКМ чукул билдирүү таратты

Кыргызстандын тоолуу райондорунда 3-6-февраль аралыгында жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек – Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

“Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактаңыз. Жолдогу абал жана кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз”, — деп айтылат маалыматта.